Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерине жаӊы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери үчүн салынган үйдүн салтанаттуу ачылыш аземине катышып, батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин Кыргызстандын Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктап, 1992–жылдын 29-майда өлкөнүн аймагында жайгашкан аскердик түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына алынып, алар улуттук Куралдуу Күчтөрдүн негизин түптөгөнүн белгиледи.

Ал өткөн чейрек кылым аралыгында кыргыз армиясы бир топ кыйынчылыктарды жеӊип өткөнүн белгиледи.

«Азыркы убакта кыргыз армиясы бир кыйла ийгиликтерге жетти. Азыр учурдун талабына жооп бере турган армиябыз түптөлдү деп айтсак болот. Армиянын баркы жогорулап, жоокердик милдетин аткарууну каалаган жаштардын саны өсүп жатат. Күжүрмөн аскердик салттар кайрадан калыбына келип, солдаттар менен офицерлерге карата коомдун сый мамилеси күчөдү»,— деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. —

Мамлекет башчысы жоокерлердин физикалык даярдыгы жана армиянын техникалык жабдылуусу менен кошо аскер кызматкерлери ыңгайлуу жашоого татыктуу шарттар менен камсыз болуусу зарылдыгын белгиледи. Бүгүн мамлекет бул багытта активдүү саясатты жүргүзүп жатат. Жыл өткөн сайын аскер кызматкерлеринин социалдык шарты жакшырып жатат.

«Бүгүн, жалпысынан алганда 2481 квартиралуу 77 турак жайлардын курулушу аяктады. Азыркы учурда 1250 квартиралуу 22 объекттин курулушу жүрүп жатат. Бүгүн 54 жаңы квартиранын ачкычтары тапшырылат. Бул мен үчүн абдан жагымдуу иш-чара», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент дагы бир жолу аскер кызматкерлерин турак-жай алышы жана кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга кызматында ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди, жакшылыктарды, ал эми Мекенге бакубаттык жана тынчтык каалады.

Ошондой эле Мамлекет башчысы ден-соолукту чыӊдоого багытталган спорт аянтчасын курууга 300 миӊ сомдук сертификатты белекке тартуулап, жаңы квартираларды карап чыгып, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашты.

Бөлүшүү