Жээнбеков Кытайга мамлекеттик сапар менен учуп кетти

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда мамлекеттик визит менен Кытай Эл Республикасына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик визиттин алкагында Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат. Визиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Анын ичинде Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы биргелешкен декларация бар.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына (КЭР) учуп кетет.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тийешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Бөлүшүү