Жети- Өгүздө сүйүктүүсүнө жолукканы барган бала бычак жеди

Автор -
0

Жети-Өгүз райондук милициясына 28-майда аймактык ооруканага Оргочор айылынын 17 жаштагы жашоочусу бычакталып Тез жардам кызматы менен түшкөнү тууралуу билдирүү келген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жабыркаган бала 27-майда Бишкектен туулуп өскөн Оргочор айылына келген.

«Жабырлануучу 27-майда  саат 23.30дар чамасында айылдашы менен жолугуп, ал коңшу Светлая Поляна айылындагы сүйлөшкөн кызы менен жолугуп келүүнү сунуш кылган. Кыздын тууганы достору менен жолугушууга келген балдарды сабаган. Мушташ учурунда 17 жаштагы баланын бөйрөк тушуна бычак сайылган»,- деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган баланы райондук ооруканага алып барышкан. 28-майда Ысык-Көл облусунун биргелешкен ооруканасына которулуп, операция жасалган.

Аталган факты териштирилип, бачыктаган баланын аты-жөнү такталды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү