ЖК: Экономика министри Олег Панкратов кыргыз тилинде ант берди

Автор -
0

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште экономика министри Олег Панкратов кыргыз тилинде ант берди.

«Экономика министри кызматына киришип жатып, өз элимдин, Жогорку Кеңештин жана президенттин алдында Конституцияны жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого жана өз милдеттеримди ак ниет менен аткарууга ант берем. Берген антымды бузган учурда мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын», — деди Панкратов.

Учурда өкмөттүн курамы ант беришүүдө. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү