ЖКнын 7 айлык бюджетин түзгөн суммадагы айлык акы алган консультант эмне жумуш кылган?

Автор -
314

Парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев президент коррупция боюнча ачкан атайын эсепти ЖЭБден толтуруп баштоону сунуштады.

«Талкуу болду. Баарын ачык-айкын карадык. Эми калганын укук коргоо органдарына өткөрүп бербейлиби? Биз бул жерде атиш маселеси жөнүндө  көп карадык, а бирок болжол менен 6 млн айлык акы алган консультант каралбай калды. Бул ЖКнын 7 айлык бюджетин түзөт. Кайсы жумушу үчүн алганы жазылган эмес. 4 кылмыш иши козголгонуна караганда бул жерде сөзсүз бир нерсе бар. Укук коргоо органдары бааны тактап койсун»,— деди Бекешев.

Ошо менен бирге, жыйынга чейин айрым депутаттарга соц тармактардан момундай суроолорду бергиле,  бул нерсени мааниге алгыла деген каттар келгенин жана бул жыйынга «бирөө»  жакшылап даярданганын кошумчалады.

«Коррупционерлер отурат. Президент кечээ атайын эсеп ачты. Келгиле, ошону толтурууну ЖЭБден баштайлы», — деп жыйынтыктады Бекешев.

Бөлүшүү