Жогорку Кеңеш баш прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу маселесин карайт

Автор -

Бүгүн, Жогорку Кеңеш баш прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча профилдик комитеттин чечимин карайт.

10-апрелде, Жогорку Кеңештин комитети президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурорду кызматтан алуу жөнүндө сунушун карап, көпчүлүк добуш менен колдогон.

Белгилей кетсек, «Ата Мекен» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишин «канааттандырарлык эмес» деп тапкан.

Бөлүшүү