Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева парламентте маалымат берет

Автор -
0

Парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылы аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуу маселеси киргизилди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Токбаева майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде маалымат берген. Жыйында депутаттар тармакта коррупция дагы эле бар экенин, соттордун ишине, сот чечимдерине карата элдин нааразылыгы көп болуп жатканын, реформанын ишке ашпаганын айтып, сынга алышкан. Бир катар саясатчыларга, журналисттерге, оппозиция өкүлдөрүнө карата чыгарылган сот чечимдерине нааразы пикирлер айтылган. Жыйынтыгында Жогорку соттун 2017-жылдагы иши боюнча маалыматын эске алуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү