Жолдубаева: Сагынбек Абдрахманов Сооронбай Жээнбековго каршы багытталган иш жүргүзгөн

Автор -
0

КСДПнын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абрахмановдун КСДПнын кезексиз съездин чакыруу туурасындагы ою негизсиз. Бул туурасында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Эске салсак, айрым ЖМКларда Сагынбек Абдрахмановдун партиянын кезексиз съездин чакырууга аракет кылып жаткандыгы жөнүндө айткандары жарыяланган.

«Сагынбек Абдрахманов 2017-жылдын 9-августунда 16-съезддин чечимине баш ийбегендиги үчүн КСДПдан чыгарылган. Ал партиядан алыстап, партиячылар баалагандай, президенттикке КСДПдан жалгыз талапкер Сооронбай Жээнбековго каршы багытталган иш жүргүзгөн», — деди Кундуз Жолдубаева.

Саясий кеңеш ошондо КСДПнын мүчөсү Сагынбек Абдрахмановдун иш-аракеттери партиянын чечимдерине жана КСДПнын негизги максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келерин белгилеген. Ошондуктан Уставка ылайык, Саясий кеңеш Сагынбек Абдрахмановдун партиядагы мүчөлүгүн токтоткон.

Бизге маалым болгондой, Сагынбек Абдрахманов үч айдан бери тегерегине таарынган партиячыларды чогултууга курулай аракеттенип жүрөт, бирок андан натыйжа чыккан эмес.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү