Зилалиевдин ишине байланыштуу күбө көрсөтмө берди

Автор -
239

Бүгүн, 2-майда Биринчи май райондук сотунда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө «бомба коюлду» деген кабар боюнча ачылган иш каралды.

Соттук отурумда башкы күбө катары Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты Самара Өмүракунова көрсөтмө берди.

«Зилалиев өз көрсөтмөсүндө «милиционердик форма мага жарашарын айтканмын»  деп билдирме бериптир. Бирок, бул туура эмес. Ал мага бомба жөнүндө кабар берген. Зилалиев да айдоочусу да менин жанымда токтогонун четке кагышкан жок»-деп билдирди башкы күбө.

Зилалиев 228-берене (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен айыпталууда.

Бөлүшүү