Ал эрежелерди так билбей, жол чырак турган кесилиште гезит менен унааларды өткөрүп жаткан. Милиция кармаганда 3-курстун студенти автожол коллежинде окуп, билимин иш жүзүндө сынап көрүүнү каалаганын айтты.

1-июнда саат 21:00 чамасында милицияга чалышып, Сухе Батор-Токомбаев кесилишинде белгисиз бирөө жол кыймылын жөнгө салып жатат деп кабарлашкан. Патруль барып, 1997-жылкы Арсен Турдугуловду кармады. Милиционерлер жаш жигитке анын укугу жок экенин түшүндүрүп берип, административдик протокол түзүштү.

Бүгүн анын иши боюнча сот өтүп, Турдугулов 8 саат коомдук иштерди жасап, 300 сом айып төлөмөй болду.

Бөлүшүү