Мамлекеттик бажы кызматынын жылдык отчёттук жыйынында 2015-жылы мыйзам бузуулардын натыйжасында 156 кылмыш иши козголгону маалым болду.

Экономикалык аткезчилик боюнча КРдин кылмыш жана жаза кодексинин 204чү беренеси менен 98 кылмыш иши козголгон.

Бажы төлөмүнөн баш тартуу фактысы боюнча 51 иш, башкармалыктын эрежелерине каршы 1 жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча 3 4 кылмыш иши козголгон.

Анын натыйжасында 83 млн 637 миң сом өлчөмүндөгү чыгымдар төлөтүлгөн.

Бөлүшүү