Бул жылы кимдер кызматтан кетип, кимдер келди? Кайсы атка минерлер ызы-чуу менен кетип, кимиси күлкү менен келгендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Күнөөнү бири-бирине оодаргандар кетти

Адегенде эле 2016-жылы өкмөт башчынын алмашканы эске түшөт. Чуу менен кеткен Темир Сариев жөнүндө сөз кыла турган болсок, аны Балыкчы-Корумду жолу кызматтан түшүргөнүн эстейли.

104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Тендер жарыяланып, ага кыргыз, кытай жана түрк компаниялары катышкан. Сынактан кытайлык “Лонг-Хай” компаниясы утуп алган. Атайын түзүлгөн депутаттык комиссия сынактан жеңип чыккан кытайлык ишкананын Кыргызстандагы өкүлү Азамат Жунушалиев транспорт министри Аргынбек Малабаевдин айылдашы экенин таап чыкты. Ошондой эле тендер өткөрүлүп жаткан учурда кытайлык ишкана юстиция органынан каттоодон өткөн эмес экени дагы аныкталган.

Мына анан кызыктын баары башталды. Малабаев менен Сариев күнөөнү бири-бирине оодарышып акыры экөө тең кеткенге аргасыз болушту. Малабаев тендер өткөрүлүп жатканда чет мамлекетте жүргөнүн айтып, ал эреже бузуулар менен өткөрүлгөнүн моюнга алган.

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев Сариевди кызматынан кетсе да, кетпесе да тендердин мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссия өз ишин аягына чыгара турганын айткан.

“Манас” аэропортуна кеткен жолду оңдоо тендеринде “Кыргызстан” партиясынын компаниясынын мүчөсүнө таандык болгон компания утулуп калган. Айрымдардын айтымында, Канат Исаев партиянын кызыкчылыгын коргоп жатат. Бирок ал эч кандай партиянын кызыкчылыгын корголбогонун айтып чыккан.

Акыры мындай саясий талашка чыдабаган Сариев маалымат жыйын өткөрүп, өз каалоосу менен кызматтан кете турганын жарыялады.

Ким келди?

Андан кийин президент Алмазбек Атамбаевдин ишеничтүү кишиси экени эл ичинде айтылып жүргөн, бир кезде Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турганда “Балык губернатор” деп аталып калган Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке көрсөтүлдү. Аны бардык фракция колдоп, парламент талапкерлигин жактырды. Өкмөт башчы болуп дайындалды. Ошол эле учурда транспорт министрлин жетектөө милдети Замирбек Айдаровго тапшырылды.

Спикерди тандоо узакка созулду

Ошол учурда ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы болгондугуна байланыштуу спикерликтен кетти. Эми андан соң төраганы дайындоо бир топко узарды. Бул кызматка талапкер болгон “Кыргызстан” фракциясынын мурунку лидери Канат Исаев менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев тим эле атайын уюштурулган шоудой болуп парламентте тең добуштан алып калышты.

Андан улам КСДПнын мурунку лидери Чыныбай Турсунбеков менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев сунушталды. Баарына белгилүү болгондой президенттин дагы бир жакын адамы Турсунбеков спикер болуп дайындалды.

Өз каалоосу менен кеткен министрлердин ордуна келгендер

Ички иштер министри болуп иштеп жаткан Мелис Турганбаев өз каалоосу менен кызматтан кетип, ордуна Кашкар Жунушалиев дайындалган. Маданият министри “өкүрүк” менен таанымал болгон Алтынбек Максүтовдун кете турганы коом арасында айтылып жүрүп, акыры ал дагы кетти. Анын ордуна жаңы паспортко улутту жазбоо сунушун эки колдоп колдогон Түгөлбай Казаков келди. Мындан тышкары, КСДПнын эркеси Эльвира Сариева билим берүү министрлик кызматынан өз каалоосу менен кетип, бирок андан көп өтпөй президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүмүнүн жетектеп калды.

Жаңы өкмөттүн курамы: Исраиловдун экзамен тапшырганы

КСДП фракциясы коалициядан чыгып кеткенине байланыштуу көпчүлүк коалиция урап, өкмөт дагы автоматтык түрдө таркаган. Мындан улам Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөт курамын сунуштады. Анда эң кызыктуусу ИИМ жетекчилигине Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Улан Исраиловдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Андан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев экиге окуган мектеп окуучусунан экзамен алгансып, суроолорун  берип жооп ала алган эмес. Аны коргогон Жээнбеков Исраилов кооз сүйлөй албай турганын айтып, бирок таза иштей турганын билдирген.

Ошентип өкмөттүн жаңы курамы да жактырылды.

Башка кызматтан башкага

Дагы бир белгилеп кетчү нерсе, Кылычбек Султанов элчилик кызматтан кетүүсүн Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршылыгы менен байланыштырды эле. Жакында тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалыптыр.

Мына 2016-жылы ушундай чоң кадр алмашуулар болду.

Бөлүшүү