ЖКнын транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүнө, салыктык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн киргизилгендигине байланыштуу 2016-жылдын бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнө түзөтүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошентип, республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 125 955,8 млн сом көлөмүндө болжолдонууда, бул 2016-жылдын такталган бюджетинен 1 556,2 млн сомго көп.

Республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 148 007,7 млн сом деӊгээлинде белгиленет, бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 1 154,3 млн сомго көп.

Республикалык бюджеттин тартыштыгы 22 051,8 млн сом деӊгээлинде болжолдонууда, бул ИДПга карата 4,9 пайызды түзөт.

Бюджеттин тартыштыгын жабууга 22 051,8 млн сом көлөмүндө каржылоо булагы каралган. Анын ичинде, ички булактар боюнча 676,3 млн сом өлчөмүндө терс сальдо каралды, тышкы булактар боюнча 22 728,1 млн. сом оӊ сальдо каралды.

Бөлүшүү