Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши бүгүн каралууда.

«Кылым шамы» коомдук фондунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, экс-президент Роза Отунбаевага Аскаров тууралуу айткан.

«Убактылуу өкмөт болсо далил келтирүү зарыл экенин билдиришкен. Азимбек Бекназаров 2010-жылы 13-июнда милиция кызматкерлери өлтүрүлгөн жерде Аскаров болбогону боюнча видеону сотто көрсөтсүн деп айткан», — дейт ал.

Бүгүн күбөлөрдү суракка алды. 29-ноябрда Азимжан Аскаровдон сурак алынат.

12-июлда Жогорку Сот 2010-жылдын июнь айында “улут аралык жаңжалды козуткан”деп соттолгон Азимжан Аскаровдун ишин Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

Быйыл апрелде БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган.

Бөлүшүү