Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов билдирди.

Анын айтымында, «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөгү” мыйзам долбоору даярдалууда.

«Ал эми ага чейин колдонуудагы мыйзам боюнча социалдык заказдарды аткарууга келгенде эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги көбүн эсе Бишкек шаарындагы жана ага жакын аймактардагы коммерциялык эмес уюмдар менен гана кызматташкан. Ал эми региондордогу социалдык кызматтарды сунуштаган уюмдардын ишке тартылышы жакшы жолго коюлган эмес”,- дейт депутат.

Депутаттын ырасташынча, эми жаңы мыйзам долбоору региондордогу коммерциялык эмес уюмдар менен иштешүүгө кеңири жол ачат. Алардын документтери электрондук тартипте дагы кабыл алынат.

 

Бөлүшүү