Ош шаарынын Туран кичи районунунда саркынды жай жок. Айрым жарандар Ак-Буура-Араван каналына саркынды сууларды агуучу түтүктөрдү орнотуп, экологияга олуттуу терс таасирин тийгизишкен.

Мамэкотехинспекциянын билдирүүсү боюнча, мыйзамсыз иш аракеттери үчүн 6 жаранга кылмыш иши козголду. Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 25 кишиге 5000 сом айып пул салынды.

Белгилей кетсек, Туран кичи району рельефи боюнча дөңсө жерде жайгашкандыктан, кир суулар каналга агып келет. Андыктан, маселени түп тамырынынан чечүү үчүн бул аймакка саркынды сууларды топтоочу жай куруу зарыл экенин кабарлашты.

Бөлүшүү