Кыргыз дыйкандары былтыр картошка айдап, бирок баасы арзан болгондуктан улам өткөрө алышкан эмес. Эми Казакстан тарап да 4-майдан тарта Кыргызстандан экспорттолуп жаткан картошканын кирүүсүнө убактылуу тыюу салып койду.

3-майда Казакстандын Астанадагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча комитети Жамбыл облусуна Кыргызстандан экспорттолгон картошканын кирүүсүнө тыюу салынсын деп кат жөнөткөн. 4-майда киргизилбей баштаган. Анын себеби Кыргызстандан келген картошкалардан алтын түстүү нематода деген илдеттин табылганы деп билдиришкен.

«Миң тонна картошка кайтарылды деп казак тарап айтып чыкты. Аныгында 385 тонна кайтарылган жана илдетке чалдыккан делген 79 учур катталган дегендери да төгүн. Анткени, жыл башынан бери алар Кыргызстандын Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясына 7 гана нота жөнөткөн», — дейт фитосанитардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Таалайбек Айткулов.

Мындай баш тартуу, анын айтымында, саясий бир себептерден улам да болушу мүмкүн. Картошканын андай илдети Казакстандын өзүндө да бар. Алмата, Чыгыш Казакстан, Павлодар жана Жамбыл облустарында кездешет. «Балким, мындай жол менен өзүлөрүнүн рыногун коргоп жатышат» — деп кошумчалады ал.

картошка 2

Казакстандын маалымат каражаттары казак өкмөтүнүн басма сөз кызматына таянып, мурун да аталган илдет катталып жүргөндүктөн, жайылып кетпесин деген өңүттө кыргыз өкмөтүнө билдирүү жөнөтүшкөнүн жазып чыгышты. Евразиялык экономикалык биримдиктин эл аралык өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча эл аралык конвенциянын негизинде убактылуу тыюу салганын белгилешти.

«Бул илдет Кыргызстандын аймагында да жок эмес. Бизде Талас облусунда жана Чоң-Кемин өрөөнүндө кездешет. Мурун башка өлкөлөргө алтын түстүү нематода менен жабыркаган картошкалар кеткен учурлар болгон. Бирок көзөмөлгө алынып калгандан кийин мындай учурлар катталбашы керек эле», — деп кошумчалайт Айткулов.

Казакстанга кетип жаткан картошкалар фитосанитардык лабораториялардан текшерүүдөн өтүп турат. Талас облусунда лаборотория жок болгондуктан, айыл чарба министрлигинин кийлигишүүсү менен картошкалар Бишкекке алынып келип, тийиштүү санитардык тастыктамасын алып, андан соң Казакстанга кетип жаткан.

Эки өлкө тең Евразиялык экономикалык биримдиктин ичинде. Ага жараша кыргыз дыйкандары Казакстанга картошкасын тоскоолдуксуз экспорттой алышы керек эле. ЕАЭБдин алкагында чек арадан өткөрүүдөгү фитосанитардык көзөмөл да алынган. Айыл чарба министрлигинин билдирүүсү боюнча, Кыргызстандан атайын адистер бул маселени бар тарабына чечип келүү үчүн Казакстанга кетишкен. Бир-эки күндүн ичинде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чыгат.

Бөлүшүү