Америкадагы мыкты окуу жайларга чет жердик студенттерди  кабыл алуу боюнча эксперт, профессор Парк Муф калоочуларга бекер лекцияларды өтөт.

Анын сабактарында Америкада окуу үчүн эмне керек, тесттерди кантип тапшырса болот, эссе жазуу сыяктуу керектүү темалар каралат.

Kyrgyz Leaders Academy коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири Сейитбек Усманов «Жыл сайын АКШга 15 гана студент тапшырат. Салыштырмалуу бул абдан аз» деп белгиледи.

«Тапшырууда оор эч нерсе жок, эгер аракет кылса, баардык каражатты окуу жайдын атынан жабып, бекер окууга да мүмкүнчүлүк алса болот» ,- дейт Усманов.

«Биз окуучуларды билимге үндөгүбүз келет. Бир гана окуу менен ийгиликтерге жетишсе болот», — Муф кошумчалады.

Иш-чара төрт шаарда өтөт:

  • Бишкек шаары, 17-июнь саат 10:00, Америка бурчу. А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана
  • Ош шаары, 20-июнь саат 09:30, Америка бурчу. Т. Сатылганов атындагы китепкана
  • Жалал-Абад шаары, 20-июнь саат 15:00. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин башкы корпусу
  • Талас шаары, 22-июнь саат 15:00, Америка бурчу. К. Тыныстанов атындагы Талас Мамлекеттик Университети

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз