Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев Өзбекстанда түзүлгөн жаңы бийлик жана мамлекеттин жакынкы келечеги тууралуу кеп салды.

Риа Новостиге билдиргендей, Өзбекстандын биринчи президенти туруктуу саясий системаны кура алды.

«Бийлик алмашуу жай-салмактуу өтүп, өлкөдө 5-10 жылга туруктуулук орнойт»,- деп эсептейт Акаев.

Каримов 2-сентябрда 78 жаш курагында көз жумган.

Анын сөөгү Самаркандда коюлуп, президенттин убактылуу орун аткаруучусу болуп  премьер-министр Шавкат Мирзиеев дайындалган.

Ислам Каримов бийликтин башкача түрүн куруп койгон. Ал жок дегенде 5-10 жылга бузулбайт.

Акаевдин айтымында, Каримов Өзбекстандын туруктуулгу үчүн 2 негизги чара көргөн. Биринчиден, ал бийликтеги популисттик элементтерди жок кылган.

«Өткөөл курактын эң башкы душманы бул- популисттер. Мисалы убагында эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирген Украинаны популисттер жок кылгандыгын байкаса болот. Азыр бул өлкөнүн жашоо деңгээли Орто Азиядагы мамлекеттерден да төмөн», — дейт Акаев.

Ал айткандай, Каримов башкарууну сталиндик ыкма менен жүргүзгөн.

«Ал бийлик башына жалаң таасирдүү аткаруучуларды алып келчү. Алар президенттин ордун басмак турсун, карьера жасоо тууралуу ойлочу да эмес. Ал эми алардын башында өзү тарбиялаган премьер-министр турган. Мирзиёевдин башкаруу стили Каримовго окшош өкүмчүл жана катуу», — деди.

Экинчиси, Каримов Өзбекстандын өтө оор кланын бир тартипке келтирип, өзү башына калыс болуп турууга жетишкен.

Ташкент, Самарканд, Бухара, Анжиян топторун алып кудум шахматтай тизип койгон.

Ал алардын калоолорун басаңдатып, бирок кызыгууларын да эске алган.

«Ошондуктан Каримовдон калган бийлик  саат сыяктуу бир-эки президенттик мөөнөт бузулбай иштейт. Алгач ар бири өз кызыкчылыгы үчүн бул ымаланы сактайт. Демек мамлекетте тынчтык болот»,- деп кошумчалады экс-президент

Каримовдун убагында экинчи пландагы адам болгон Мирзиёев дароо алдыңкы орунга чыкты.

Парламент бир добуштан аны колдоду. Мыйзам боюнча бийлик спикердин колуна өтмөк. Бирок элита Мирзиёевди колдоду, демек тааныды.

«Ошону менен катар мындан ары Өзбекстанда эмне болот айтуу кыйын. Дүйнө өзгөрүп жатат. Бардыгы болуп кетиши мүмкүн»,- деп эсептейт Акаев.

Бөлүшүү