Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши БУУнун кайрылуусунан улам кайрадан каралууда.

Анын айтымында, ызы-чуунун биринчи күндөрү май айында эле башталган.

«Мен Роза Отунбаевага жана Исмаил Исаковго абал тууралуу айткам. Жергиликтүү бийлик эч кандай чара көргөн эмес», — дейт ал.

Аскаров сотто бир ай бою эл менен жолугуп, видеого тартканын айтты.

«Мен жергиликтүү бийликке абал жөнүндө айтсам, мени угушпай койгон. Аким болсо барымтага алууга аракет кылды деп алдап жатат», — деди.

Ошондой ал анын кеңсесинин жанында көп эл чогулуп турганын кошумчалады.

Быйыл апрелде БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз