Президент Алмазбек Атамбаев зилзаланын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Индонезия Президенти Джоко Видодого көңүл айтты.

«Кыргыз элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Индонезиядагы зилзаланын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына биздин тилектештигибизди, ошондой эле бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин кааларыбызды билдирип коюуну өтүнөм», — деп айтылат телеграммада.

 

Бөлүшүү