Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши БУУнун кайрылуусунан улам кайрадан каралды.

Бүгүн Жогорку Сот 2010-жылдын июнь айында “улут аралык жаңжалды козуткан”деп соттолгон Азимжан Аскаровдун ишин Чүй облустук сотуна жөнөттү.

Быйыл апрелде БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган. Учурда Азимжан Аскаров Бишкектеги №47 абакта.

Бөлүшүү