Видео тартуучу операторлор залдан чыгарылды.

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши БУУнун кайрылуусунан улам кайрадан каралууда.

12-июлда Жогорку Сот 2010-жылдын июнь айында “улут аралык жаңжалды козуткан”деп соттолгон Азимжан Аскаровдун ишин Чүй облустук сотуна жөнөткөн. 4-октябрда сот кайрадан бүгүнкүгө жылдырылган.

Быйыл апрелде БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган.

Бөлүшүү