Башкы прокуратуранын бүгүнкү коллегиясында жарым жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Жемкорлукка каршы күрөшүүнүн алкагында 1131 текшерүү болуп, 972 адам жоопкерчиликке тартылган.

Анализ көрсөткөндөй, бир катар кылмыш фактылары жер мыйзамы боюнча, мамлекеттик сатып алууларда, менчигине чыгарып алуу же тапшырылган аманатты пайдалануу жана жемкорлукка боюнча катталган.

Балдар мыйзамына болгон көзөмөлдө 1078 акты киргизилген. 826 адам кармалып, 15 кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо жана адам эркиндиктерин сактоо боюнча 630 текшерүү болуп, 1000 акты түзүлүп, 400 адам жоопкерчиликке тартылган.

Бөлүшүү