15-25-августта билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин «Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу: жаңы жагдайлар жана жаңы чечимдер» темасында усулдук окуусун өткөрмөкчү.

Иш-чара билим берүү уюмдарында окуу-тарбия процессинин уюштурулушун өркүндөтүү, заманбап билим берүү технологияларын, окутуу усулдарын жана формаларын жүзөгө ашырып, жайылтуунун орчундуу шарты катары педагогикалык кызматкерлердин окуу-усулдук ишмердигиндеги инновациялык багытты колдоо жана чыгармачыл дараметин жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

Мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин августтук усулдук окуусу эки баскыч менен жүргүзүлөт. 15-24-августка чейин окуу-тарбия ишмердигинин багыттары боюнча райондук секциялар, усулдук бирикмелердин окуу предметтери жана тарбия маселелери боюнча иштер жүргүзүлмөкчү. Экинчи баскыч менен, 25-августта мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин облустук шаардык конференциялары өткөрүлөт.

Бөлүшүү