Кыргызстанда конституциялык референдум өткөнү расмий жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкө боюнча референдумда 1 миллион 190 миң 752 адам же жалпы шайлоочулардын (2 миллион 851 миң 952 кишинин) 42,28% добуш берген.

Жалпысынан 79,63% же 948 миң 185 шайлоочу Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдоп, 15,55% же 185 миң киши каршы болгон. Бюллтендердин 4,8% жараксыз деп табылган.

Референдумга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, судьялардын ыйгарым укуктарына жана жарандардын укуктары менен эркиндигине байланышкан Конституцияга 26 өзгөртүү киргизүү маселеси алынып чыккан.

2016-жылдын 11-декабрында өлкөнүн 22 шаардык, 389 айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз