Кыргызстанда референдум өттү деп жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматтарына караганда шайлоочулардын 79,62 пайызы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду.

БШКнын маалыматы боюнча жалпысынан референдумга шайлоочулардын 40,48 пайызы катышып, алардын 79,62 пайызы же 1 миллион 154 миң 141киши Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоду. Каршы 15,37 пайызы же 177 миң 933 киши добуш берсе, 5,01 пайыз же 57 миң 877 бюллетень жараксыз деп табылды.

Референдумга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, судьялардын ыйгарым укуктарына жана жарандардын укуктары менен эркиндигине байланышкан Конституцияга 26 өзгөртүү киргизүү маселеси алынып чыккан.

Бөлүшүү