Бул жылы Рамазан айы күндүн узак мезгилине туш келди.

Айрыкча түндүк өлкөлөр деп эсептелген Орусиянын түндүк тараптарында 20 саат болсо, Скандинавия жарым аралындагы Норвегия, Швеция, Финландия өлкөлөрүндө 22 сааттан ашат. Исландияда 21 саат, Канадада 19 саатты түзгөн. Бирок Канаданын түндүк тарабында жана АКШнын Аляска штатында да 22 сааттын тегерегинде. Ал эми Кыргызстанда 17 саат 40 мүнөткө чейин созулууда. Учурда кыш өкүмү сүрүп жаткан түштүк өлкөлөрдө, Аргентина, Австралия жана Жаңы Зеландияда, 12 саат тегерегинде болуп жатат.

Арабия жарым аралынын чыгыш тарабындагы Оман мамлекетиндеги кичине бир айыл бул убакыттарга баш ийбейт. Себеби 4 тарабы бийик тоолор менен курчалып, 2 метр бийиктикте жайгашкан Векан айылында күн 11.00дө чыгып, 14.30да батат. Күндүн узактыгы үч жарым саат. Учурда орозо башталганына байланыштуу айылдагы калктын бир бөлүгү өлкө белгилеген убакыттар боюнча ооз бекитүү жана ооз ачууну туура көрүшсө, бир бөлүгү өзүнүн айылында күндүн чыккан убактысына карата орозо кармап, 3 саат 30 мүнөткө созулуп жатат. Ал эми мамлекеттик убакыт 17 сааттын тегерегинде.

Булак: haberturk.com

Бөлүшүү