Бул тууралуу өкмөттүн 2016-17-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярданууга багытталган селектордук жыйынында айтылды.

Өкмөт электр энергиясынын, жылуулук энергиясынын жана ысык суунун бааларынын өсүшүн токтотууну чечкен.

Премьер Сооронбай Жээнбековдун айтымында, быйыл калк үчүн жогоруда аталган тейлөө тарифтери өзгөрүлбөйт.

“Бирок, анткени менен энергетика ишканалары өзүн-өзү каржылай албайт. Чыгымдарын жаба албайт. Ошондуктан, акырындык менен өзүн-өзү актай турган абалга жеткирилиши керек. Тарифтик-баа саясатын иштеп чыгуу керек” – деп билдирет премьер-министр.

Бөлүшүү