Кыргызстанда жөргөмүштөрдүн 600дөн ашуун түрү бар. Ал эми жөргөмүштүн каракурт экенин бир гана лабораторияда аныктап билүүгө болот.

Илимдер академиясынын кызматкери, энтомолог Дмитрий Милько айтымында, быйыл көп эле жөргөмүш алынып келинди.

«Бирок, алардын бирөө эле каракурт болуп чыкты. Алардын уусу кобраныкынан да күчтүү болот”, – дейт.

Жөргөмүш Борбор Азия менен Түштүк Европада көп болот. Жайдын ысыгы менен жылуу күз айлары ага жакшы климаттык шарт болуп берет. Май-июнь айларында чыккан каракурт, июль-август айында көбөйүп, сарайларда, короодогу курулуштарда, керек болсо 9-кабатка да чыгып кетерин кошумчалады.

Ал билдиргендей, коркунуч келмейинче биринчи болуп чакпайт. Чаккан жерди ар ким организимине жараша ар кандай көтөрөт. Биринчи кадам катары ширеңкенин күйгөн талын өчүрүп басуу туура. Бирок, мындай ыкма убактылуу жардам бергендиктен тез жардам чакыруу керек.

Каракурттан 2014-жылы 35 киши, өткөн жылы 25тен ашуун адам жабыркаган. Мильконун билдирүүсүндө быйыл каракурттардын санынын көбөйгөнү байкалбайт.

Бөлүшүү