Бул тууралуу күз-кыш айларына даярдануу боюнча республикалык штабдын отурумунда айтылган.

Көмүрдөн сырткары 43 млн 374 миң тонна жагуучу мазут керектелет.  Бюджеттик мекемелерди жылытууга 260 миң 171 тонна, калк үчүн -1 млн 58 миң 264 тонна жана Бишкек ЖЭБи (ТЭЦ) үчүн 1 млн 150 тонна көмүр даярдалышы керек.

7 миң тонна жагуучу мазут Ош ЖЭБин жылуулук менен камсыз кылууга кетет. Ал эми облустар боюнча Чүйгө — 318 миң 970, Жалал-Абадга – 178 миң 700, Нарынга – 22 миң 750, Таласка – 45 миң 503, Ысык-Көлгө – 83 миң 760, Баткенге -78 миң 551 жана Ош облусуна – 135 миң 530 тонна көмүр талап кылынат.

Ал эми Бишкек шаарына 174 миң 200 тонна көмүр керек.

Бөлүшүү