Быйылкы жылдын 22-июлуна карата дан ѳсүмдүктѳрү (буурчак, кγрγч жана гречиханы кошпогондо) 200 миң аянттан жыйналды.

Жалпы аянттын 36%ын түздү. Дан ѳсүмдүктѳрүнүн орточо түшүмдүүлүгү республика боюнча гектарына 26,5 центнерди түздү.  Ал эми былтыркы жылы ушул маалда 23,9 центнерди тγзгѳн.

Дан эгиндеринин дүң жыйымынын ѳсүшү арпанын түшүмдүүлүгүнүн жогорулашынан байкалды.  Жалпы өлкө боюнча арпанын орточо тγшγмдγγлγгγ 24,6 центнерди түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу  20,7 центнерди болгон.

Республика боюнча 143  миң тонна картөшкө казылып алынып, түшүмдүүлүгү 155,5  центнерди болду.  Андан сырткары, 54 миң тонна мѳмѳ-жемиш ѳсγмдγктѳрγ жыйналып, былтыркы жылга салыштырмалуу 62%га кѳп болду.

Андан сырткары жашылча  ѳсүмдүктѳрүнүн дүң жыйымы 233 миң тоннаны түзүп, бул былтыркы жылдга караганда 1,7 пайызга аз болгонун айыл чарба статистикасы башкармалыгы билдирди.

Бөлүшүү