Жогорку окуу жайларда Индия, Түркия, Пакистан жана Кытайдан келген студенттер көп. КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер да аз эмес. Чет элдик студенттердин жалпы саны 13 миң кишиге жетет.

Билим берүү министри Элвира Сариеванын айтымында, билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн өлкө жылына $8 млн пайда көрөт.

“Бул контракттардын баасын, жашаган жеринин акысын, алар алган товарлардын жана кызматтардын акчасын кошкондогу сумма”, — деп ал “Ачык диалог” долбоорунун алкагында жарандардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Бөлүшүү