Дүйнөдө башталгыч класстардын деңгээлиндеги 250 млн бала негизги сабаттуулук боюнча билим алган эмес жана 124 млн бала жана өспүрүмдөр мектепке барбайт.
Андан сырткары 740 млн адам (балдардан сырткары) окуп жана жаза албайт экенин Пан Ги Мун эл аралык сабаттуулук күнүн белгилеп жатып айткан. Анын арасынан 115 млну жаштар болуп чыккан. 3/2 бөлүгүн аялдар түзөт. БУУнун башкы катчысынын билдирүүсү боюнча сабаттуулук теңдикти жана коомдогу стабилдүүлүктү сактайт.

«Ал жакырчылыкты жоюу жана элдин тынчтыгы үчүн бизге абдан керек» — деген ал.

Эл аралык сабаттуулук күнү ЮНЕСКО (БУУ) тарабынан 1965-жылы негизделип, 1966-жылдан бери жылда белгиленип келет.

Бөлүшүү