Күн санап калк арсында дарыгерлерге болгон нараазычылыктар өсүүдө. Жакында эле шаардагы бейтапканалардын биринин жетекчисин кош бойлуу айымга көңүл кош мамиле жасагандыгы үчүн андан кечирим сурады. «Чын эле дарыгерлер кайдыгер мамиле кылабы?», — деген суроого Saat.kg жооп издеди.

Республикалык оорукананын жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо бөлүмүнө келген бейтаптар бул жердин иштөө системалары жана кабыл алуулары начар экенин айтып нараазы болушту.

Өз атын атоодон баш тарткан жаран 10-15 бейтапты күттүрүп, бир саатан бери дарыгер жумуш ордунда жок экенин билдирди.

Ошондой эле дарыгерлер жакшы мамиле кылып жатканын айткандар да жок эмес.

“Эки күндөн бери жүрөм мага болгон мамилелери жакшы эле. Бирок, нааразы болгондорду угуп, көрүп жатам. Мени капа кылганы аппараттардын жоктугу, анализдерди жеке менчик  лабораторияга өтүп келебиз ал жактын баасы өтө кымбат”, — дейт Айгул Мундузбаева аттуу бейтап билдирди.

Бул тууралуу республикалык ооруканага, улуттук хирургия борборлоруна кайрылдык. Бирок алар комментарий берүүдөн баш тартышты.

Атын атагысы келбеген Чүй облустук бейтапканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы бейтаптарга дарыгерлер тарабынан жаман мамиле кылынбай турганын айтты.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз