ЖКнын жыйынында «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Ысык-Көлдүн биосфералык аймагын коргоодо артыкчылыктуу багыттар Ысык-Көлдүн парктык-пляждык зоналарынын булганышын төмөндөтүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоордо парктык-пляждык зоналар түшүнүгү, ошондой эле ижара маселелерин тактоо жана көлдүн парктык-пляждык зоналарын коргоо боюнча ижарачылардын жана менчик ээлеринин (ишкерлердин) укуктарын кеңейтүү киргизилип жатат.

Тагыраак айтканда, долбоор ижара маселелерин тактоого багытталган жана көлдүн парктык-пляждык зонасын айыл чарба малдары тарабынан өзгөчө жаз-күз мезгилдеринде булгашынан коргоодо ижарачылардын жана менчик ээлеринин (ишкерлердин) укуктарын кеңейтет. Ошонун өзү менен ижарачылар жана менчик ээлери (ишкерлер) Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого зор салым кошмокчу.

Мыйзамды кабыл алуу рекреациялык зоналардын жерлерин берүү учурунда айыл өкмөтүндө коррупцияны төмөндөтүүгө алып келет, анткени мыйзам долбоорунда жерлерди ижарага берүү тартибине тактоо киргизилет. Рекреациялык зоналардын айырмачылыктарды жана арым чектөөлөрү, спецификасы бар, андыктан сунуш кылынып жаткан тактоолор маанилүү.

Талкууда көпчүлүк депутаттар мыйзам долбооруна Ысык-Көл жээгине акысыз кирип-чыгуу маселесин так белгилөө керектигин айтып чыгышты. Демилгечилер эс алуучулардын коопсуздугу жана ыңгайлуу шарт үчүн пляждык аймакты көл жээгине чейин тосмолоо зарылдыгын билдиришти. Маселе көл жээгине эркин-кирип чыгуу менен эс алуучулардын коопсуздугуна келип такалгандыгын айткан депутаттар, бул эки маселени чаташтырбай, жагдайдан чыгуунун башка жолдорун издөөгө чакырышты.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер 2-окууда эске алынмай болду. Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Бөлүшүү