Ылайыктуу келишим Брюссель шаарында өткөн Кыргызстан –Европа Биримдигинин кызматташуу комитетинини XIV жыйынында жетишилди.

Кыргызстандын делегациясын өкмөттүк аппараттын экономика жана инветиция бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйков жетектеди. Европа Биримдигинин делегациясын Борбор Азия жана ЕККУ Чыгыш өнөктөштүгү, Россия Федерациясы боюнча Европа сырткы байланыш кызматы департаментинин директору Люк Девинь жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын биримдик менен болгон эки жана көп тараптуу кызматташуусунун актуалдуу масалелерин атап айтканда, социалдык-экономикалык тармактарда сектордук программаларды өнүктүрүү, конституциялык реформа жөнүндө пикир алышуу, Кыргыз республикасында шайлоо системасын модернизациялоонун жүрүшү, сот реформасы жөнүндө жана адам укуктары тууралуу талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар башкы максаты программалык долбоорлорду ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жөнүндө комитет түзүүнү макулдашты.

Бөлүшүү