Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданынын курулушу толугу менен аяктап, экологиялык  жанатехникалык коопсуздук талаптары канааттандыраарлык деп табылды.

Бул туурасында экотехинспекциянын Чолпон-Ата шаарынын  инспекторлору тарабынан ат майданын ишке пайдаланууга уруксат берилип, текшерүүгө алып ишке киргизүү боюнча буйрукка кол коюушту.

Ат майданы жети ай аралыгында курулуп, бул мөөнөт аралыгында экотехинспекциянын көзөмөлүндө курулуш иши жүрдү. Директордун басары Марат Таировдун айтымында, кыска мөөнөт ичинде ат майданы курулса да, баардык техникалык коопсуздук талаптарына жооп берет.

Учурда ат майданы экинчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө толугу менен даяр.

ипподром

Бөлүшүү