АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни Нарын облусунун өнүгүүсү боюнча маалымат алды.

Нарын жетекчисинин биринчи орун басары Касен Асизов өнүгүүнүн негизги багыттары катары айыл чарбасы, кайра иштетүү өндүрүштөрүнө басым жасалып жатканын айтты. Ишкерликти өнүктүрүүгө бир катар аракеттер көрүлүп жатканын билдирип, жакында 4-ирет өткөн эл аралык инвест-форумду мисал келтирди. Анын айтымында, региондун экономикасын чыңдоо жаатында башка мамлекеттер менен алака түзүлүп жатат.

Элчи Кыргызстан географиялык абалы ыңгайлуу аймакта орун алып, мамлекеттер менен алака түзүүгө жакшы шарты бар экенин белгиледи. Нарын облусу башка мамлекеттер менен кызматташтыкта болгону жакшы маалымат катары кабыл алып жатканын жана АКШ Кыргызстан менен шериктештикти бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Бөлүшүү