Жаңы үлгүдөгү номурлардын баасы 1 миң сомду түзөт.

Мамлекеттик катто кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Saat.kg‘ге айтып бергендей, жаңы номурларда аймактар өз-өзүнчө белгиленет.

Былтыр жылдын аягында кызматтын башчысы Тайырбек Сарпашев маалымат жыйын өткөрүп, 001, 002 деген өкмөттүк номурлар болбой турганын айкан эле.

Жаңы номурларда аймактар төмөнкүчө белгиленет:

  • Бишкек шаары — 01
  • Ош шаары — 02
  • Баткен облусу — 03
  • Жалал-Абад облусу — 04
  • Нарын облусу — 05
  • Ош облусу — 06
  • Талас облусу — 07
  • Чүй облусу — 08
  • Ысык-Көл облусу — 09
Бөлүшүү