ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында парламенттин төрагасына “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев менен “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерликтерин жактырды.

Эртең парламенттин жалпы жыйынында аталган талапкерлер өз программалары менен тааныштырып, шайлоо өткөрүлөт.

Профилдүү комитетте парламент төрагасынын кызматына талапкерлер каралып, алардын программалары угулмак. Бирок комитет талкуусуз эки талапкерди тең палатага алып чыкмай болду.

Белгилей кетсек, 13-апрелде ЖКнын экс-спикери Асылбек Жээнбеков кызматынан өз эрки менен кеткен.Себеби анын агасы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп дайындалган.

Бөлүшүү