Кечээ, 27-майда, Ош-Айдаркен жолунун 125-132-чакырымында сел жүрүп, беш адамдын өлүмүнө себепкер болду.

ӨКМ билдиргендей, Opel Frontera автоунаасы селге агып, сайга кулап түшкөн. Унаанын ичинде 7 адам бар эле.

Сел 1 км аянтты каптаган. Каза болгон жарандардан тышкары бир бала куткарылып калды. Дагы бир 3 жашар баланы 83 куткаруучу издөөдө. Бирок, саат 13:00дөн тартып жаан катуу жаап баштап, издөө иштери убактылуу токтотулду.

Ал арада, ӨКМ өлкө аймагында дагы сел жүрүү коркунучу бар экенин айтууда.

«2016-жылдын 28-майынан 30-майына чейин аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн», — деп билдирет.

Бөлүшүү