Кечээ, 6-июнда, саат 18:20лар чамасында Фучик 47/1 дарегинде жарылуу болду. Ал жерде газ ташыган унааларды оңдоп жатышкан.

Алдын ала маалымат боюнча, бир машинеден экинчисине газ куюуда коопсуздук чаралары сакталбай, ширетүүчү жабдыктар туура эмес колдонулганы жарылууга алып келген.

Жалпысынан, 2 газ куюучу унаа жана 3 фура өрттөнүп кетти. Тез жардам кызматы билдиргендей, 11 адам жабыркап, ооруканаларга жеткирилди. Алардын тогузу күйүктөрдү алса, бирөөсү газга ууланды. Дагы бир адам, өрт кызматынын кызматкери, ар кандай жаракаттарды алды.

Жабыркагандардын тизмеси:

  1. Жапаров Н., 12 жашта
  2. Абесов Н., 26 жашта
  3. Абдрахманов Б., 45 12 жашта
  4. Аманов С., 55 12 жашта
  5. Ашимов У., 31 12 жашта
  6. Кубатов Ф., 53 12 жашта
  7. Ташмуратов К., 47 12 жашта
  8. Калыгул у.О., 30 12 жашта
  9. Алимбеков К., 44 12 жашта
  10. Шарипов А., 53 года, 12 жашта
  11. Тулекабылов Р., 12 жашта

Саат 21:30дарга чукул өрт толугу менен өчүрүлүп бүттү.

Бөлүшүү