Түшкү саат 12:00 чамасында Алматынын Абылай-хан жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу башталганын 365info.kz кабарлайт.

полиция кызматкери

«Нур Отан» кеңсесинин жанында алдыңкы терезелери сынган кара иномарка жана ичинде жүргүнчүлөрү жок тролейбус табылды.

12:05 Абылай –хан көчөсү жабылды.

Ошол эле учурда  райондук полиция бөлүмүнүн жанынан 10го жакын атышуу болгону айтылат. Алдын-ала алынган маалыматтарга ылайык белгисиз автоматчан адам полиция кызматкерлерине ок чыгарган да качып кеткен 2 полиция кызматкери мерт кеткен.

Алматыдагы атышу

12:20 Алматыда террористик  кооптонууунун кызыл деңгээли жарыяланды.

12:30 жарандарды үйдө отурууну суранышты.

13:15 Алматы-1 темир жолунан жарылуучу зат изделип, бирок табылган жок.

13:25 Кол салган террористтердин бири кармалды, дагы бирөө изделүүдө.

13:37 Жети полиция кызматкери жарадар болду.

полиция кызматкери набыт кетти

13:40 «Сити» маркет дүкөнүн  террористтер курчоого алды. 6 адам барымтага алынган.

13:48 Кылмышкерлерди кармоодо 1 жаран жана 3 полиция кызматкери мерт кеткенин nur.kz кабарлайт.

 

Бөлүшүү