Француз оор атлетчиси Бернардин Кинг Матам биринчи беш орунду алган штангисттер таза эмес деп билдирди.

Бул маалыматты europe1 жазып чыкты.

69 кг чейинки салмактагы оор атлетчилердин арасынан Кинг Матам 7-орунду алган.

«Мен допинг-тесттин жыйынтыгын күтүп жатам. Бул категорияда талаптар жогору болгон. Эгер эл аралык федерация таза текшерүү жүргүзсө анда, мен алдыңкы 4 орунду оңой эле секирип кетем. Себеби жеңүүчүлөр таза эмес»,- деп шек санады спортчу.

Матамдын билдиргенине ылайык, алар дисквалификация болушу керек.

Иззат Артыков коло медалынын жеңүүчүсү, күмүштү түркиялык Данияр Исмаилов, ал эми алтынды кытайлык Ши Чжиюн жеңип алган.

Бөлүшүү