Футбол: Землянухин жана Кичин алдыдагы оюндарга чыкпайт

Автор -
448

Кыргызстан футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин тизмени өзгөрттү.

Футбол федерациясы билдиргендей, коргоочу Валерий Кичин (“Енисей” Орусия) жана  жарым коргоочу Антон Землянухин (“Сисакет” Таиланд) курамга чакырылган жок.

Алардын ордуна Мустафа Юсупов, Мирбек Ахматалиев тизмеге кирди ( экөө тең “Дордой” ФК).

Команда Ливан жана Түркмөнстанга каршы жолдоштук оюндарга өзүнүн машыгууларын 30-сентябрдан тарта баштайт.

Бөлүшүү