Жабыр тарткан  Калыбек уулу Орозо Калыбек 18-июнда саат 6:49да  каза болду.

Маркум 30 жашта болчу.

Саламаттыкты сактоо  министирлиги кабарлагандай, бөлүмдө жаткандардын бирөө чыккан, экинчисинин абалы жакшы.

6-июнда Бишкекте Фучик 47/1 дарегинде жарылуу болгон. Ал жерде газ ташыган унааларды оңдоп жатышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бир машинеден экинчисине газ куюуда коопсуздук чаралары сакталбай, ширетүүчү жабдыктар туура эмес колдонулганы жарылууга алып келген.

Жалпы 10 адам жабыркаган. Буга чейин 5 адам каза болгон.

Бөлүшүү