Лондондо  OrzuARTS театрында кыргыз драматургу, жазуучусу Султан Раевдин чыгармасын коюуга даярдык жүрүүдө.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция маалыматына ылайык, Курманжан датканын ролун белгилүү актриса Кейти Травелян ойнойт.

«Актриса азыр улуу башкаруучунун образына кирип, кыргыз салттарын үйрөнүп жаткан учуру»,- дейт продюсер Жозеф Сандр.

Ал эми пьессадагы силуетти Антони Офиобу ачып бермекчи. Ал көптөгөн эл аралык проекттерге катышып келген. Ал эми Борбор Азияны өзүнө биринчи жолу ачып жатканын, анын ичинде Кыргызстан аны аябай кызыктырганын айтып өттү.

 

Бөлүшүү