“Ислам мамлекети” кыймылы YouTube га жаңы видео жарыялап, өзүнүн мүчөлөрүн Орусияга каршы жихадка чакырган.

Азырынча видео роликти ким чыгарганы белгисиз бойдон калууда. Ага болгон шилтеме террористтик уюм колдонгон Telegram аккаунтунда пайда болгон.

9 мүнөттүк видеодо президент Владимир Путинге жана өлкө жашоочуларына кайрылуу жасалган.

Буга чейин Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников 220 киши жан кечтиликке барышы мүмкүн делинип, көзөмөлдө турганын билдиргенин slon.ru жазып чыкты.

Бөлүшүү