Бүгүн Бишкек шаарында активист Азат Аманов үйлөндү.

Ал топтогон каражатын той өткөрүүдөн баш тартып, өспүрүм балдарга мектепке кийимин жана окуу-куралдарын алып берүүнү чечкен.

Анын айтымында, мындай идеяны анын достору демилгелеп чыккан. Максаты — ыксыз чыгымдарды азайтуу жана жоюу.

“Башка жаш жубайларды кайрымдуу болууга чакырам. Эл эмне дейт деп көп акча жумшагандан көрө үлгү бололу деген ойдо бул кадамга барганбыз”, — демилгечилердин бири Мухаммед Али Базарбаев

Жалпы 50 миң сом акча каражат жумшалып 25 балага жардам берилген.

«Биз ири суммадагы акча коротулуп, үлпөт-той өткөрүүгө каршыбыз. Муктаж болгон үй-бүлөлөр көп, андан көрө ошолорго жардам берели»,- дейт ал.

Иш-чаранын уюштуруучулары Ош шаарына эстафетаны узатты. Эртең бул кайрымдуулук иш-чарасын улантуу максатында Темирлан Токоев үйлөнөт.

Ал 40тан ашык балага жардам берет.

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз